Бишкекте кудуктун капкагын уурдап жаткан адам кармалды

Милициянын кайгуул кызматкерлери кудуктардын капкагын уурдоого шектүү адамды кармады. Бул тууралуу Милициянын кайгуул кызматынын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, 26-январда “102” кызматына Бишкек шаарынын Профсоюз жана Кустанай көчөлөрүнүн кесилишинде белгисиз адам суу түтүктөрү өткөн кудуктун капкагын уурдап жатат деген маалымат келип түшкөн. Айтылган дарекке милиция кызматкерлери барып, кудуктун капкагын уурдап бара жаткан адамды кармаган.

Шектүүнүн аты-жөнүн тактаганда 1972-жылы туулган М.К. аттуу жаран экени белгилүү болгон.

Кармалган адам тергөө кызматына өткөрүлүп берилип, иликтөө иштери башталган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан