Сокулукта каракчылыкка шектүүлөр кармалды. Бул тууралуу Чүй ОИИББинин басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, 10-январда Сокулук РИИБине болжол менен саат 22:45 чамаларында Сокулук районундагы айылдардын биринде каракчылык фактысы болгондугу тууралуу маалымат келип түшкөн.
Териштирүү учурунда 33 жаштагы Е.Н. жана 50 жаштагы М.С. аттуу жарандын үйүнө белгисиз бет капчан адамдар кирип, жыгач таяк менен урушуп, дене жаракатарын келтиришкен. Ошондой эле 1 миллион 200 миң сомун алып, белгисиз тарапка из жашырып кеткенин билдиришкен.
"Бул факты Сокулук РИИБи тарабынан Кылмыштардын бирдиктүү Жазык кодексинин (Каракчылык) боюнча катталып, сотко чейинки өндүрүш иштери башталган.
Жогорудагы кылмышка шектелип, 3 жаран (бирөө 26 жашта, экөө 44 жашта) кармалышкан. Шектүүлөрдүн биринин жашаган үйүнө жүргүзүлгөн тинтүү учурунда 551 миң сом, ал эми экинчи шектүүнүн үйүн тинтүү учурунда 85 миң акча каражаттары алынган.
Териштирүү иштери улантылууда", - деп жазылат маалыматта.