Ат-Башыда "Арсенал" операциясынын жүрүшүндө 3 мыйзамсыз ок атуучу курал алынды. Бул тууралуу Нарын ОИИБинин басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, 7-январда саат 19:20 чамасында Ат-Башы районунун 1-Май айылына караштуу Чыр-Дөбө участкасында белгисиз адамдар аӊчылык кылып жүргөн жеринен кармалгандыгы тууралуу билдирүү келип түшкөн. Окуя болгон жерге тергөө тобу барган учурда 1-Май айылынын тургундары М.Ж., М.У. жана М.Ж. аттуу жарандардан ТОЗ-8М, ТОЗ жана ИЖ-18Е үлгүдөгү ок атуучу курал табылган. Алар ок атуучу куралы менен аңчылык кылып келе жаткан жеринен кармалышкан.
"Аталган факты Кылмыштардын бирдиктүү реестрине катталып, 308-беренесинин 1-бөлүмүнө ылайык кылмыш иши козголду. Жогорудагы жарандар ок атуучу куралдары мыйзамсыз экендигин, жапайы тоо жаныбарларын атып, эттерин алып келе жаткандыгын айтышкан. Бүгүнкү күндө тиешелүү экспертизалар дайындалган, тергөө амалдары жүргүзүлүүдө", - дешти маалымат кызматынан.