Караколдо телефон уурдоого шектелип, 21 жаштагы жаран кармалды. Милиция жабырлануучуларды издейт

Ысык-Көл облусунун Каракол шаарында телефон уурдоого шектелип, 21 жаштагы жаран кармалды. Бул тууралуу облустук милициядан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, өткөн жылдын ноябрь айында уюлдук телефондорду оңдогон жерден 6 даана телефон уурдоого шектелип, Пристань-Пржевальск шаарчасынын 21 жаштагы тургуну К.М. кармалган.

"Кармоо жүргүзүлгөндөн кийин милиция кызматкерлери анын жашаган жеринде мыйзамдуу тинтүү иштерин жүргүзгөн учурда жыйырмадан ашык телефон табылган. Алар дагы уурдалган болушу мүмкүн. Мындан улам уюлдук телефондорун уурдатып жиберген жарандарды Каракол ШИИБинин тергөө кызматына же кылмыш иликтөө бөлүмчөсүнө кайрылууну өтүнүшөт.

Учурда "уурдоо" беренеси менен кылмыш иши козголуп, тергөө амалдары уланууда. Кылмышка шектелип кармалган жаран соттун чечими менен баш коргоо чарасы кабыл алынгыча Каракол ШИИБинин убактылуу кармоочу жайына киргизилген", - деп жазылат маалыматта.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан