Жалал-Абад облусунун Ноокен районунун Күзөт бөлүмүнүн кызматкери өзүн-өзү атып алды. Бул тууралуу облустук милициядан кабарлашты.
Билдирүүгө ылайык, 26-январь күнү саат 17:30 чамасында Ноокен районунун Күзөт бөлүмүнүн кызматкери 1989-жылы туулган Р.Т. дааратканада белгисиз себептерден улам өзүнө бекитилип берилген “Тула Токорева” үлгүсүндөгү табелдик ок атуучу куралы менен өзүн-өзү баш тарабына атып алып, окуя болгон жерден каза болгон.
Окуя болгон жерге Жалал-Абад ОИИБинин жана Күзөт бөлүмүнүн жетекчилиги, Ноокен районунун прокурору, Жалал-Абад ОИИБинин жана Ноокен РИИБинин тергөө-ыкчам топтору барышып, кароо жүргүзүлүп, тиешелүү материалдар чогултулган.
Топтолгон материалдар Ноокен РИИБинде Кылмыштардын бирдиктүү реестрине катталып, материал караштуулугу боюнча райондук прокуратурага өткөрүп берилген.