УКМК: "Кыргыз жылуулук электрдин" кызмат адамдары тарабынан коррупциялык көрүнүштөр аныкталды"

УКМК тарабынан жүргүзүлүп жаткан ыкчам-издөө иш-чараларынын жүрүшүндө "Кыргыз жылуулук электр" мамлекеттик ишканасынын Чүй облусундагы филиалынын биринин кызмат адамдары тарабынан коррупциялык көрүнүштөр аныкталды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалымат боюнча, от казандардын бирин реконструкциялоо иштеринин сметасы ашыкча бааланып, мазуттун керектөө нормасы жогорулатылганы жана мыйзам бузууларга жол берилгени аныкталды.

"Тиешелүү аудитордук комиссиялык текшерүүнүн жыйынтыгында бюджеттик каражаттарды көмүскө жүгүртүүгө чыгаруунун туруктуу мыйзамсыз схемалары тастыкталып, анын кесепетинен мамлекетке 32,9 миллион сом зыян келтирилген. Азыркы учурда иштин бардык жагдайларын тактоого, аныкталган коррупциялык схемаларга тиешеси бар кызмат адамдарын, ошондой эле бюджеттик каражаттарды аныктоого багытталган тергөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө", - деп жазылат маалыматта.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Dembele84
2022-01-27 15:33:50
Аныктагылачы ушундай шумшукторду!
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан