Тажикстан тарап миномёт жана гранатомётторду колдонуп жатат. Бул тууралуу Чек ара кызматы маалымдайт.
"Төрт-Көчө жерлигиндеги Баткен-Исфана унаа жолу Тажикстандын жарандары тарабынан жабылып, Кыргыз өлкөсү мененТажикстандын чек ара өкүлдөрүнүн жолугушуусунун жыйынтыгында, саат 19:30га карата жол каттамы ачылган.
Бирок кайра эле саат 19:35те кырдаал курчуп, тажик тарап Баткен районунун Чыр-Дөбө жерлигинде УКМКнын Чек ара кызматынын чек ара тарамдарын көздөй ок чыгарышкан.
Кыргыз өлкөсү менен Тажикстандын Чек ара кызматынын чек ара тарамдарынын атышуусу Төрт-Көчө жана Чыр-Дөбө жерлигинде болууда. Тажик тарап миномёт жана гранатомётторду колдонууда", - деп билдиришти чек ара кызматынан.
Бүгүн, 27-январда Тажикстандын аскерлери Ош-Исфана жолун тосуп алгандыгы кабарланган. Чек ара кызматынан Төрт-Көчөдө абал чыңалууда экенин билдиришкен.