27-январь күнү саат 23:50дө Кыргыз өлкөсү менен Тажикстандын аскер кызматкерлеринин ок атышуусу 10 мүнөткө токтоду. Бул тууралуу чек ара кызматынан кабарлашты.
"Ок атышуу токтогон убакта президенттин Баткен облусу боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү А.Алимбаев менен Тажикстандын Согдий облусунун губернатору жана эки тараптын чек ара өкүлдөрүнүн катышуусунда жолугушуу пландаштырылган.
Бирок тажик тарап эки тараптын ок атууну токтотуу макулдашууларына карабай кыргыз аскер кызматкери жайгашкан тарапта ок атуу токтобой жатат", - деп билдиришти Чек ара кызматынан.
28-январь күнү саат 00:20 карата эки тараптын аскер кызматкерлеринин ок атышуусу Көчө-Бою жана Дахма жерлигинде болуп жатат.
Бүгүн, 27-январда Тажикстандын аскерлери Ош-Исфана жолун тосуп алгандыгы кабарланган. Чек ара кызматынан Төрт-Көчөдө абал чыңалууда экенин билдирип, Тажикстан тарап миномёт жана гранатомётторду колдонуп жатканын билдирди.