
Ош облусунун Чоң-Алай районунда электр жарыгы үзгүлтүккө учураган. Жергиликтүү тургундарга электр энергиясы бүгүн, 28-январда берилерин Энергетика министрлигинин маалымат кызматынан белгилешти.
Маалым болгондой, 27-январь күнү саат 20:25те Чоң-Алай районунун электр энергиясы менен камсыз кылган 35кВ аба чубалгысы жерге тийип электр жарыгы өчүп калган. Анын кесепетинен Чоң-Алай районунун Чоң-Алай, Кашка-Суу жана Жекенди айыл өкмөттөрүндө жарык үзгүлтүккө учураган.
"Ошэлектр" ишканасынын, жогорку чыңалуу кызматынын электр куроочуларынан турган бригада, жеринде аба чубалгыларын текшерүү жана оңдоо иштерин жүргүзүшүүдө. Оңдоо иштери бүткөн соң элге электр энергиясы толук берилет.
Берилген кубаттуулуктан ашыкча электр энергиясын колдонгондуктан электр чубалгыларына күч келип, жарык үзгүлтүккө учуроодо. "Ошэлектр" ишканасы абоненттерин, электр энергиясын үнөмдүү пайдаланууга чакырат", - дешет мекемеден.