"Айдоочу рулга ээ боло албай калган". Жалал-Абадда жол кырсыгы катталды

Жалал-Абадда жол кырсыгы катталды. Бул тууралуу ӨКМнын басма сөз кызматынан маалымдашты.

Маалыматка ылайык, Сузак районунун Күмүш-Азиз айылында Mercedes Benz үлгүсүндөгү жеңил унаанын айдоочусу рулга ээ боло албай жолдон чыгып электрмамычаны сүзгөн.

Кырсыктын кесепетинен 4 адам (аты-жөндөрү такталууда) жабыркаган. Жерине Жалал-Абад шаардык №58 ӨКБдан 4 куткаруучу тартылып, 1 жабыркаганды унаадан чыгарып "Тез жардам" кызматына өткөрүп беришкен.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан