Чек арадагы жаңжал боюнча Ички иштер министрлиги кылмыш ишин козгоду

Баткен районунун Көк-Таш айылындагы окуя боюнча кылмыш иши козголду. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, 27-январь күнү саат 18:00 чамасында Баткен районунун Көк-Таш айылы менен Тажикстандын Согди облусунун Исфара районунун Самониен айылы чектешкен такталбаган чек ара тилкесинде тажик жарандары курулуш иштерин жүргүзүп жатышканда Кыргыз чек арачылары токтотуу талабын койгон. Ага каршы болгон Тажикстандын жарандары Ош-Исфана унаа жолу менен Исфара-Ворух жолдорунун кесилишине таштарды коюп, жолду тосуп алышкан. Эки өлкөнүн жергиликтүү бийлик өкүлдөрү, күч түзүмдөрүнүн өкүлдөрү жолугуп сүйлөшүү өткөрүлүп, курулуш иштерин токтотуу, унаа жолун ачуу боюнча макулдашууга жетишкен.

Бирок саат 19:30 чамасында эл аралык келишимдерди бузуу менен улуттук кастыкты көздөп, куралдуу агрессияны пландап, агрессивдүү согушту көрсөтүү максатында жөнөкөй жарандар жашап жаткан Баткен районунун Көк-Таш айылынын Чыр-Дөбө, Кум-Мазар, Дахма участкаларына, Орто-Боз айылынын Төрт-Көчө участкасына жана Көк-Таш айылындагы ИИМдин Ички аскерлеринин 707-аскер бөлүгүнүн имаратына Тажикстандын Чек ара кызматынын аскер кызматкерлери оор ок атуучу куралдарды колдонуу менен кол салышкан. Натыйжада жергиликтүү тургундарынын турак жайлары, 707 - аскер бөлүгүнүн имараты жабыркап, аскер кызматкерлерине жана 1 жаранга ок тийип, денелеринен алган жаракатынан улам Баткен биргелешкен ооруканасына жеткирилген.

Аталган факты боюнча Баткен РИИБинин кылмыштардын бирдиктүү реестрине Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 402-беренеси (тынчтыкка каршы кылмыштар) менен катталып, тергөө иштери башталган.

Ал эми денесинен жаракат алгандарга соттук-медициналык экспертиза дайындалган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (7)
alinsan
2022-01-28 11:16:28
без толк
+8
Dembele84
2022-01-28 11:44:14
Кылмыш козгоп дальше эмне кыласынар?Эч нерсе кыла албайсынар,же ошол аткылаган тажиктерди алып келип камайсынарбы,нет конечно!Озубуздун солдаттарды камабаса болду,эмне аларга жооп катары атасын деп!
+3
NURSAPAR
2022-01-28 12:32:23
Dembele84,турган турпатың менен Д.... еп экенсиң. Оозуңан жакшы сөз чыкпайт. Силерге окшогон ички душмандан Кудай сактасын...
-4
Dembele84
2022-01-28 13:21:55
NURSAPAR,Сен турушун менен мал экенсин,колундан бир нерсе келсе мейли!
0
Azat-123
2022-01-28 13:53:45
Dembele84,ички душман оозуң менен орок орбой тынч отуруп тур
0
Zynk
2022-01-28 14:10:47
Dembele84,сен эркексинби же кызсынбы ?кыз болсон сага тенелиштин кереги жок!эркек болсон деле ошо)))
0
Dembele84
2022-01-28 16:23:07
Zynk,Сен когултурсунбу билбедим,бирок задний привод окшойсун!
-1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан