Кечээ, 20-ноябрда эртең мененки саат 07:00 чамасында белгисиз айдоочу 19 жаштагы кызды сүзүп, окуя болгон жерден качып кеткен. Бул тууралуу Ош шаардык жол-кайгуул кызматынан билдиришти.
Хонда Аккорд унаасынын айдоочусу кызды сүзүп, 47 метр сүйрөп барган. Кырсык болгон жерде кыз каза болгон. Ош шаардык жол-кайгуул кызматкерлери тарабынан кылмыш болгон жерден качып кеткен айдоочу кармалды. Учурда тергөө иштери жүрүүдө.