SUPER.KG порталынын "Рулдагы жылдыз" долбоорунун кезектеги каарманы көпчүлүккө тамада, ырчы катары белгилүү болгон Кубаныч Баркалбасов конокто болду. Унаасын кантип алганы, канчанчы унаасы экендиги жана чыгармачылыгы туурасында айтып берди.
"Өзүңүздөр көрүп тургандай бул үчүнчү унаам. Буга чейин эки унаа айдагам. Алгачкы унаам менен учурунда такси кызматында дагы иштегем. Мен башка унааларды жаман дебейм, бирок бул унаам мурунку экөөнө караганда жакшыраак. Таксист болуп жүргөндө бир кызык окуяга кабылгам, жолдо баратып бир обон келип кыңылдап бара жаттым. Эң негизгиси башка нерсеге алаксып обонду жоготуп жибербейин дедим.
Анан эле кардарды дарегине жеткирип, ал түштү экен деп эле бакырып ырдап жиберсем анын жүрөгү түшүп калган (күлүп).
Ал эми бул унаамды чыгармачылыктан тапкан акчага алгам", - дейт Кубаныч Баркалбасов.