Бишкекте 7 жашар баланы сүзүп, окуя болгон жерден качып кеткен айдоочу кармалды. Бул тууралуу Милициянын кайгуул кызматынын басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, жол кырсыгы 26-январда саат 19:00дөр чамасында болгон. Анда Миррахимова жана Юнусалиев көчөлөрүнүн кесилишинен 7 жашар баланы белгисиз унаа сүзүп окуя болгон жерден качып кеткен. Жол кырсыгынын кесепетинен жаракат алган бала ооруканага жеткирилген.
Издөө иштеринин натыйжасында баланы сүзгөн унаа аныкталып, айдоочусу табылган. Анда 19 жаштагы Т.А. аттуу адам Тойота Ранкс унаасы менен баланы сүзүп кеткени белгилүү болгон.
Шектүү кармалып, тергөөчүгө өткөрүлүп берилген.