Чүйдө карыз акчадан чыккан чыр өлүм менен аяктады. Шектүүлөрдүн бири бүгүн кармалды

Чүй облусунун Аламүдүн районунда киши өлтүрүүгө шектелген жаран кармалды. Бул тууралуу облустук милициядан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 21-ноябрь күнү болжол менен саат 08:30 чамаларында Аламүдүн РИИБине Дордой-2 жаңы конушунда эркек кишинин жансыз денеси табылгандыгы тууралуу маалымат келип түшкөн. Окуяга болгон жерге ыкчам тергөө тобу чыкканда болжол менен 35-40 жаш курактагы эркек кишинин жансыз денеси табылып, кароо учурунда анын киши колдуу каза болгондугу аныкталган.

Бул факты Кылмыштардын бирдиктүү реестрине катталып, сотко чейинки өндүрүш иштеринин алкагында бир катар ыкчам тергөө иш-амалдары жүргүзүлүп, каза болгон жарандын аты-жөнү аныкталган. Ал 1969-жылы туулган Д.М. аттуу жаран болгон.

Бул ишке шектүү катары 2021-жылдын 26-ноябрь күнү жүргүзүлгөн иш-чаралардын натыйжасында шектүүлөрдүн бири 1985-жылы туулган Р.Ж. кармалып, камакка алынган.

Ал эми экинчи шектүүгө издөө жарыяланган. Издөө иштеринин натыйжасында 28-январь күнү 1969-жылы туулган У.Р. аттуу жаран кармалган. Алдын ала маалыматтар боюнча ортодогу карыз акчадан улам окуя мас абалында чыгып, уруша кетишкен. Шектүүлөр каза болгон жаранга бычак менен денесине бир нече залал келтирип, жыйынтыгында алган жаракатынан улам ал каза болгон. Сотко чейинки өндүрүш иштери улантылууда.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан