Футзал: Кыз-келиндер боюнча Кыргыз курамасы Өзбекстанга экинчи жолу утулду. Жалпы эсеп 21:0

Коңшу Тажикстандын борбору Дүйшөмбү шаарында өтүп жаткан "CAFA Women’s Futsal Championship 2022" турниринин алкагында футзал боюнча кыз-келиндер арасындагы Кыргыз улуттук курама командасы Өзбекстанга экинчи ирет ири эсепте утулду.

Экинчи оюн бүгүн, 28-январда өтүп, анда Кыргыз курамасы 10:0 эсебинде жеңилген.

Бул аталган турнирде Кыргыз өлкөсүнүн Өзбекстанга экинчи ирет жеңилүүсү. Бул эки команданын алгачкы оюну 11:0 эсебинде Өзбекстандын пайдасында аяктаган.

"CAFA Women’s Futsal Championship 2022" турнири 29-январга чейин созулат. Турнирге Кыргыз өлкөсү, Иран, Өзбекстан жана Тажикстандын курама командалары катышууда.



РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (11)
Bishkek-Kg
2022-01-28 19:26:46
Барбай эле койсоңор болмок, позор болгондун ордуна.
+8
Kylych87
2022-01-28 19:42:18
Топ тоголок женилуу да болотда
-1
Bishkek-Kg
2022-01-28 19:49:31
Kylych87, 1-0, 2-1 лерди жеңилүү дейт. 10-0, 22-0 дөрдү жеңилүү дебейт, кагылуу, зордолуу, талкалануу, позор дейт!!!
+6
Tariel_tt
2022-01-28 20:06:38
Зато тажиктерди оз уйундо женип алышты.
+3
suban78
2022-01-28 21:37:16
Оййооуу кыздар, а бу? Ушунчага да женилесинерби
+4
bond02
2022-01-28 21:59:17
Оо кыздар топ теппей эле залдын бир бурчунда жаткан окшойсунар суйлошуп.
+9
Dembele84
2022-01-28 22:18:39
bond02,)))))))))
+1
suban78
2022-01-31 16:13:49
bond02,чемичка чагыппы
0
Dembele84
2022-01-28 22:18:51
Суюк эле койо бериптир го
-1
faraon312
2022-01-28 22:33:30
Бир дарбазага чогуу киргизишкен окшойт биздин кыздар)
+3
Alixan-Nookat.2015
2022-01-29 02:33:31
Кыз келиндер футболун жок эле кылып салыш керек андай дейин десен балдар деле кыйратышпайт.
+2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан