Иван Ярыгин турнири: "Эсеп 6:5". Улукбек Жолдошбеков коло байге үчүн күрөштө утулуп калды

Бүгүн, 28-январда Орусиянын Красноярск шаарында "Иван Ярыгиндин Гран-Приси" эл аралык мелдешинин экинчи күндүк беттештери уланды.

Мелдешке 61 килограмм салмакта катышкан Кыргыз өлкөсүнүн чемпиону Улукбек Жолдошбеков коло байге үчүн күрөштө орусиялык балбанга 6:5 эсебинде жеңилип калды.

Кечээ, 27-январда өткөн жарым финалдык беттеште Улукбек Жолдошбеков жергиликтүү балбанга 6:6 эсебинде жеңилип калган.

Мындан тышкары 57 килограмм салмакта Бекзат Алмаз уулу жаракат алгандыгына байланыштуу коло байге үчүн күрөшүүгө чыккан жок.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан