"Ош базарда" уюлдук телефон уурдаган жаран кармалып, 15 күнгө камакка алынды

"Ош базарында" уюлдук телефон уурдаган жаран кармалды. Бул тууралуу Ленин райондук ички иштер бөлүмүнөн кабарлашты.

2022-жылдын 23-январында Бишкек шаарынын Ленин райондук ички иштер бөлүмүнө Т.Т. аттуу жаран арыз менен кайрылган. Арызында ал 22-январда саат 18:00 чамасында "Кыял" соода борборунун ичинде белгисиз адам сумкасынан «Самсунг А-31» үлгүсүндөгү 15 миң сомдук уюлдук телефонун уурдап, андан соң белгисиз тарапка изин жашырып кеткендигин билдирген.

Бул факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 205-беренесинин ("уурдоо") менен кылмыш иши козголгон.

"Жүргүзүлгөн комплекстүү издөө иш-чараларынын жүрүшүндө, кылмышка шектүү катары 1981-жылы туулган К.И. аттуу жаран кармалган. Бишкек шаарынын Ленин райондук соту шектүүгө карата 15 суткага Бишкек шаарындагы СИЗО-1ге камакка алуу түрүндөгү баш коргоо чарасын тандады", - деп билдиришти Ленин райондук милициясынан.

Учурда кармалган жарандын борбор калаада жасалган ушул сыяктуу башка кылмыштарга катыштыгы бар экендигин аныктоо боюнча зарыл болгон тергөө амалдары жана ыкчам иш-чаралары жүргүзүлүүдө.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан