Жалал-Абадда мыйзамсыз сакталган 24 ок атуучу курал алынды

Жалал-Абад облусунун аймагында үстүбүздөгү жылдын 12-27-январь күндөрү "Арсенал" аталышындагы профилактикалык багыттагы иш-чара өткөрүлдү. Бул тууралуу Жалал-Абад ОИИБинен билдиришти.

Аталган иш-чаранын жүрүшүндө жергиликтүү шаар-райондук ички иштер бөлүмдөрүнүн кызматкерлери жана коомчулук тарабынан жүргүзүлгөн алдын алуу жана түшүндүрүү иштеринин натыйжасында жарандар тарабынан 23 ок атуучу куралдар өз ыктыяры менен тапшырылган, мыйзамсыз сакталгандыгы үчүн 1 курал алынган. Анын ичинде – 2 сайлуу, - 2 даана травматикалык жана – 20 даана сайсыз куралдар алынган.

Андан сырткары каттоодо турган - 2679 мергенчиликти сүйүүчүлөрдүн 2905 ок атуучу куралдары, 304 газотравматикалык куралдардын сактоо эрежелери жана мөөнөттөрү текшерилип, Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар Кодексинин негизинде – 194 протокол түзүлүп, 171 миң сом айып салынган.

Белгилей кетсек, табылып алынган, мыйзамсыз сакталган ок атуучу куралдарды өз ыктыяры менен тапшырган атуулдар Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык кылмыш жоопкерчилигинен бошотулат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
XATSAN125
2022-01-29 15:26:16
Кыйратыпсынар 12 16 32 28 ар бир айылда жок дегенде 10штуктан бар аңчылык кылган куралдар
+2
XATSAN125
2022-01-29 15:26:52
Ушундай текшерет экенсинер ок даары саткандарды айткыла строго докменттери менен алышсын ок даарыны
+2
shankol88
2022-01-29 17:49:53
Баткенге чек арада жашагандарга апарып бергиле...
+3
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан