Өлкөнүн толуу аймактарында кар көчкү түшүүcү мүмкүн, жолдор тайгак болуп муз тоңот. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, 28-январдан 30-январга чейин жаап өткөн жана күтүлүп жаткан жаан-чачынга байланыштуу өлкөнүн тоолуу райондорунда, Ала-Бука-Каныш-Кыя унаа жолунун 68-99-чакырымдарында жана Красная Горка-Ак-Таш унаа жолунун 1-4-чакырымдарында кар көчкү түшүүcү жана кар күрткүсү мүмкүн. Жолдор тайгак болуп, муз тоңот.
Унаалардын ортосундагы 500 метр аралык кыймыл чектелиши зарыл.