Кыргыз-Кытай чектешкен аймакта күчү 3,5 баллга жеткен жер титирөө катталды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка караганда, жер титирөө саат 1:56да болду. Жер титирөө Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районунун Таш-Короо, Кургак айылдарында 2,5 баллга чейин сезилди.
Алдын ала маалымат боюнча жер титирөөдөн жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.