Кара-Суу районунда ала качуу фактысы менен 4 жаран кармалды. Бул тууралуу Ош ШИИБинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, 26-январда саат 22:30 чамасында Кара-Суу шаарынын Ленин көчөсүндө жайгашкан “Кылым-Ордо” аталышындагы чайкананын алдынан Кара-Суу шаарынын тургуну 14 жаштагы Н.Н. аттуу жаранды никеге туруу максатында Кара-Суу районунун тургуну 25 жаштагы И.уулу Б. аттуу жаран өзүнүн айылдаш 3 досу менен Дэу-Матиз үлгүсүндөгү автоунаасына салып, Талдык айылындагы турак-жайына алып качкандыгы кылмыш иликтөө бөлүмүнүн кызматкерлери тарабынан аныкталган.
Алгачкы текшерүүнүн жүрүшүндө, окуя болгон жерге ыкчам тергөө тобу чыгып, жогоруда көрсөтүлгөн атуулдар такталып, тергөөгө камсыз кылынган. Аталган факты Кылмыштардын бирдиктүү реестрине катталып, Жазык кодексинин 172-беренесинин негизинде кылмыш иши козголду. "Н.Н., аттуу жарандын денесинде жарааты бар же жоктугун аныктоо үчүн соттук-медициналык экспертиза дайындалды. Тергөө аракеттеринин жүрүшүндө шектүү катары кармалган жарандар И.уулу Б., М. уулу У., А.С., жана О. уулу А., аттуу жарандарга катара Жазык процессуалдык кодексинин 96-беренесинин негизинде Кара-Суу РИИБинин убактылуу кармоочу жайына киргизилди", - деп жазылат маалыматта.
Учурда тергөө амалдары жүргүзүлүүдө.