Бишкек шаардык
жол кайгуул кызматы борбордо кардын жаашы менен жол кырсыктарынын саны өскөнү
тууралуу маалымат берди. Ага ылайык кечээ, 20-ноябрда сутка ичинде борбордук
жол кайгуул кызматына 32 чакыруу келип түштү. Милиция кызматкерлери 11 жол
кырсыгы болгондугун билдиришти.
20-ноябрда саат 15:30дар чамасында 35 жаштагы
Т.Г. Мазда-Демио автоунаасын айдап баратып, рулду башкара албай жолдон чыгып
кеткен.
Жол кырсыктарында материалдык чыгымдар болуп,
адамдар жаракат алган эмес. Жол кайгуул кызматы бардык айдоочуларды жол
эрежесин сактап, этият болууну эскертет.