Баткенде уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү баңгизат жана курал менен кармалды. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, Баткен шаарында жергиликтүү жашоочу үйүндө баңги затты мыйзамсыз сактап жүрөт деген маалымат түшкөн. Ыкчам тергөө иш-чаралары жүргүзүлүп, милиция кызматкерлери баңги затты мыйзамсыз сактоого шектелген адамдын аты-жөнүн такташкан.
Анда шектүү мурда бир нече жолу соттолгон Баткен шаарынын 55 жаштагы А.Р. аттуу жашоочусу экендиги аныкталган. Ал уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү катары ИИМдин каттоосунда турган.
Опузалап талап кылуу, ден соолукка атайылап оор зыян келтирүү, бейбаштык жана башка беренелер боюнча он бир жолу соттолгон. Үйүнө тинтүү жүргүзүү учурунда 12-калибрлүү ок атуучу курал, 9 ок, 45 грамм марихуана табылган. Учурда кармалган жарандын башка дагы кылмыш иштерине тиешеси бардыгын тактоо боюнча ыкчам иликтөө иш-чаралары жүрүп жатат.