Таласта 5 мүшөк төө буурчак уурдаган адам кармалды

Таласта төө буурчак уурдоого шектелген жаран кармалды. Бул тууралуу облустук милициядан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Кара-Буура районунун Жаңы-Жер айылынын тургуну, “Алейна” фирмасынын кызматкери арыз менен кайрылган. Анда аталган фирмадан 5 мүшөк төө буурчак дан азыгы уурдалганын билдирген.

Окуя болгон жерге ыкчам тергөө тобу чыгып, бул факты Кылмыштардын бирдиктүү реестрине катталган. Милиция кызматкерлеринин ыкчам иш алып баруусунун негизинде, уурулукка шектүү катары Кара-Буура районунун Кызыл-Адыр айылынын 25 жаштагы Ш.Ш. аттуу тургуну кармалган.

Иликтөөнүн жүрүшүндө шектүү буга чейин дагы 2 тоннага жакын төө буурчак уурдаганы аныкталган. Шектүү Кара-Буура РИИБинин убактылуу кармоочу жайына киргизилген. Учурда тергөө жана иликтөө иштери жүрүп жатат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан