Ташкенттеги зоопарктан үч жашар баласын аюунун короосуна ыргыткан аял жолдошу Орусияга кеткени үчүн депрессияга кабылган. Бул тууралуу РИА Новости басылмасы жазды.
Маалыматка ылайык, баласын аюнун короосуна ыргыткан З.Т. аттуу аял эки баласы менен Ташкент шаарынын Сергели районунун Кумарык айылында күйөөсүнө тиешелүү батирде жашайт. Аял жолдошу Орусияга кеткендигине байланыштуу депрессияга түшкөн жана ушул кадамга барган.
Учурда укук коргоо органдары окуянын чоо-жайын иликтеп жатышат.
28-январда Ташкент шаарындагы зоопаркта аял кичинекей баласын тосмодон ашырып, аюунун короосуна ыргытып жиберген. Бактыга жараша, аюу балага тийген эмес. Өзбекстандын Башкы прокуратурасы жогорудагы факты боюнча "адам өлтүрүүгө аракет кылуу" беренеси боюнча иш козгогон.