Бишкекте күйөөсү тарабынан токмоктолуп, бирок арыз жазбаган аял: Анын күйөөсү 7 күнгө камакка алынды

Бишкектеги Ахунбаев жана Чапаев көчөлөрүнүн кесилишинде аялын сабаган жаран 7 күнгө камакка алынды. Бул тууралуу SUPER.KG порталына Ленин райондук ички иштер бөлүмү билдирди.

"Укук бузуулар кодексинин 70-беренесинде каралган "үй-бүлөдөгү зомбулук" кылмыш иши боюнча үй-бүлөлүк зомбулук, атайылап физикалык, психологиялык, зомбулук көрсөтүү же физикалык зомбулук көрсөтөм деп коркутуу катары Бишкек шаарынын Ленин райондук соту тарабынан шектүү 1992-жылы туулган А.Д аттуу жаран жети суткага камакка алынды", - деп билдирди Ленин РИИБи.

Буга чейин социалдык тармактарда Бишкек шаарында күйөөсү аялын башка тепкен видео тараган. Видео 30-январь күнү Бишкектеги Ахунбаев жана Чапаев көчөлөрүнүн кесилишинде тартылган.

Ленин райондук ички иштер бөлүмү жабыркаган жаран милицияга арыз жазуудан баш тарткандыгын билдирген.

Бишкекте күйөөсү аялын сабады
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (6)
Spb
2022-01-31 17:30:04
7 кун ошондой кылып тепкилегилечи онуда ошондо озуно келет аяалын корсо айланып отот ошондо
+9
Ernisbii
2022-01-31 18:51:37
Жөн эле камап койбой эртең мененки саат сегизден кечки онго чейин тындырбай көчө шыпыртып иштетиш керек мындай айбандарды мындай мыкаачыларды эмнеге бетин жабасынар наоборот бүт жаңылыктардан бир жума көрсөтүш керек.
+7
Sajakat14
2022-01-31 18:52:50
Деградация.
+1
Petrovka
2022-01-31 19:22:47
Жети эле кунбу
+2
Petrovka
2022-01-31 19:24:01
Менимче көп эле срок бериш керек бул аял да бирөөнүн әлпештеп өстүргөн кызы да аманатқа кыянат кылып жатса.
+1
raykray
2022-02-01 02:32:27
Озунунда башына тээп койбойт беленер!
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан