Бишкек-Нарын-Торугарт унаа жолунан жүргүнчү ташыган кичи автобустан 4 килограммдан ашык баңгизат табылды. Ички иштер министрлигинин маалымат кызматынан кабарлашкандай, айдоочу Жумгалдын Чаек айылынан Бишкекти көздөй келе жаткан.
Белгилүү болгондой, 20-январда саат 20:30 чамасында Бишкек-Нарын-Торугарт унаа жолунан Мерседес Спринтер кичи автобусу токтотулган.
"Автобусту кинологдун жардамы менен тинтүү учурунда багаждан желим бөтөлкөлөр салынган коробка табылган. Коробкада болжол менен 3 килограмм 485 грамм болгон зат салынган. Ошондой эле сары түстөгү баштыкта 58 даана ширеңке кутучалары түрүндө жасалган гашиштей кескин жыты бар, болжолдуу салмагы 787 граммды түзгөн ачык күрөң түстөгү катуу зат табылган.
Алынган баңгизатты мыйзамсыз сактоого шектелип автобустун жүргүнчүсү кармалды. Ал Жумгал районунун тургуну 1997-жылы туулган К.Ж. болуп чыкты. Кармалган жаран мурда каракчылык боюнча соттолгон.
Бул факты боюнча Кылмыш-жаза кодекстин 282-беренесинин 3-бөлүмү (баңги каражаттарын, психотроптук заттарды жана алардын аналогдорун сатуу максатында мыйзамсыз даярдоо) менен кылмыш иши козголду.
Кармалган жаран Бишкек шаарындагы тергөө абагына киргизилди. Учурда иликтөө иштери жүрүп жатат", - дешти мекемеден.