"Дарыгерлерге, фармацевттерге сый акы берип турган". Өлкөгө мөөнөтү өтүп кеткен дарыларды ташыган фармацевтикалык компания аныкталды

УКМК тарабынан өлкө аймагына мөөнөтү өтүп кеткен дары-дармектерди ташып келген фармацевтикалык компания аныкталды. Комитеттин маалымат кызматынан белгилешкендей, компания дары-дармектердин мөөнөтүн мыйзамсыз өзгөртүп, медициналык мекемелерге жана дарыканаларга өткөрүп турган.

"Фармацевтикалык компаниянын кызматтык жана кампа жайларында тинтүү жүргүзүлүп, финансылык документтер жана дары-дармектер алынып, ишкананын мыйзамсыз иш-аракеттери тастыкталды. Бул факты боюнча кылмыш иши козголуп, тергөө иш-чараларынын алкагында жарактуулук мөөнөтү өтүп кеткен дары-дармектер алынып, таңгактарда көрсөтүлгөн мөөнөтүн бурмалоо белгилерин аныктоо үчүн тиешелүү экспертизалар дайындалды.

Мыйзамсыз иш жүргүзгөн компания саламаттыкты сактоо тармагы жана дарыканалар аркылуу дарыгерлерге жана фармацевттерге акчалай сый акыларды жана бонустарды төлөп берүү менен импорттук дары-дармектерди лоббирлөө үчүн мыйзамсыз соода ыкмаларын жана атаандаштыкты колдонгону аныкталды.

Бул компания балдар ооруларын дарылоо үчүн колдонулган бир нече дары-дармектерди да импорттойт.

Алынган далилдерди эске алуу менен ишкананын жетекчиси А.К. кармалып, УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Ал эми Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук соту тарабынан баш коргоо чарасы каралып, камакка алынды", - дешти мекемеден.

Учурда компаниянын мыйзамсыз иш-аракеттеринин натыйжасында мамлекетке келтирилген зыяндын так суммасы жана бул кылмышка тиешеси бар адамдардын чөйрөсү аныкталууда. Тергөөнүн жыйынтыгы менен алардын аракеттерине юридикалык баа берилет деп кошумчалашты комитеттен.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (6)
Maku1
2022-01-31 18:47:29
Өмүр бою эркинен ажыратуу керек. Канча адамдын өлүмүнө себепкер болушкандыр...
+2
Asman779
2022-01-31 18:56:22
Акмак экен да. Элдин Ден соолугу баары Бир экен да. Оз туугандарына же ОЗУ иче берсин ошошндой эле акча тапкысы келсе бирок Элди алдап эмес
+1
AdylbekB84
2022-01-31 19:05:40
Ушул кылганы чын болсо канча адамды уулап өлтүрдү булар! УКМК дагы сый акы алып бошотуп жибербегиле, мамлекетке төктүрдүк деп!
+2
XATSAN125
2022-01-31 19:48:14
Ушул кылгандары учун ошол даарыларды саткандарды алып келгендердин уй булосунл кундо 6 убак ичирмекмин мен
0
Sajakat14
2022-01-31 21:13:13
Акча дегенде өлушотго! Элдин ден соолугу силерге баары бирби! Ошентип тапкан акчаңар жакшылыкка кетпейт! Аш болбойт!
0
IOA
2022-02-01 00:59:21
Дары мооноту откондон кийин уу
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан