Ош шаарында айдоочу 17 жаштагы кызды сүзүп, окуя болгон жерден качып кетти. Кырсыктын кесепетинен өспүрүм жаракат алып ооруканага кайрылганын Ош шаардык кайгуул кызматынан билдиришти.
Маалым болгондой, 27-январда саат 15:45 чамасында "Арзуу" ресторанынын жанында айдоочу жөө адамды сүзүп, окуя болгон жерден изин жашырган.
"Жөө адам Төлөйкөн кичи шаарчасынын тургуну 2005-жылы туулган О.Г. болгон. Кырсыктын кесепетинен өспүрүм Ош шаардык ооруканасына кайрылып, тиешелүү жардам көрсөтүлгөндөн кийин үйүнө жиберилди.
Милициянын кайгуул кызматынын издөө бөлүмчөсүнүн аракетинин негизинде айдоочу кармалып, унаа айып короого киргизилди. Иш тергөө кызматына өткөрүлүп берилди", - дешет маалымат кызматынан.