Бишкектеги "Red Centre" соода борборунан бомба табылган жок

Бүгүн, 31-январда Бишкектеги "Red Centre" соода борборунда бомба бар делинип, ичиндеги адамдар эвакуацияланды. Жеринде милициянын, Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин кызматкерлери иш алып барышып, жардыруучу затты табышкан жок.

Бул туурасында Свердлов РИИБинин маалымат кызматынан кабарлашты.

Белгилей кетсек, соода борборго бомба коюлган деген маалымат милиция кызматкерлерине саат 18:53тө келип түшкөн. Аталган коомдук жай курчоого алынып, ичиндегилер эвакуация болгон.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
Djumahmatov
2022-02-01 02:07:00
Ушундай УКМКанын оюндарын чыгарбай эле койсоңор болот
0
Fernando_Torres
2022-02-01 02:18:12
Djumahmatov,Мындай ойноп Биро алдап чалгандарды тапкыла
0
bessmertiy
2022-02-01 08:47:55
Соода борбордун өздөрү эле пиар кылган го дейм.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан