
Баткен районунун Чет-Кызыл айылында сарайдын чатыры толугу менен өрттөнүп кетти. Бул тууралуу ӨКМнын маалымат кызматынан кабарлашты.
Маалыматта айтылгандай, өрттү өчүрүүгө 2 бөлүм тартылып, саат 20:35те толук өчүрүүгө жетишти. Өрттүн кесепетинен сарайдын чатыры толугу менен күйүп кеткен.
Өрттүн жалпы аянты 80 чарчы метрди түзүп, 16 даана шифер, 14 даана темир лист, 500 таңгакталган чөп чыгымга учураган.
Бактыга жараша, жабыр тарткандар жок.