EFC: Бусурманкул Абдибаит уулунун атаандашы алмашты. Эми ал орусиялык мушкер менен беттешет

Хабиб Нурмагомедовдун уюму аталган EFC'нин жеңил салмактагы чемпиону, кыргыз мушкери Бусурманкул Абдибаит уулунун чемпиондук наамын коргоо үчүн кез келе турган атаандашы алмашты. Мындай маалымат аталган уюмдун расмий баракчасына жарыяланды.

Маалыматка ылайык, кыргыз мушкеринин буга чейинки атаандашы казакстандык Жасулан Акимжан аттуу мушкер болмок. Бирок ал жаракат алып калганын айтып, беттешүүдөн баш тарткан. Анын ордуна кыргыз мушкери менен орусиялык Расул Магомедов аттуу мушкер беттешет.

Эки мушкердин беттеши 18-февраль күнү Москвадагы "Крокус Экспо" спорт ордосунда өтөт.

2021-жылдын 3-августунда Чолпон-Ата шаарында өткөн "EFC 38" турниринде Бусурманкул Абдибаит уулу орусиялык Руслан Яманбаевди техникалык нокаут менен жеңип, чемпион аталган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
ZULYA89
2022-02-01 10:16:50
Ийгилик Бусурманкул!Кыргыз желегин желбиретип,жениш сен тарапта болсун.
+3
rususu
2022-02-01 10:25:56
Кыргызга келип кыйын кун,жериме тушсо кара тун.Чок болуп куйуп беруго,ким чыгат десе каргыл ун.Мен дешим керек ок болуп,мен дешин керек октолуп.Ийгилик сага Бусурманкул.
+3
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан