Бишкекте батирден улгайган аялдын жансыз денеси табылды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, борбор калаанын Бейшеналиева көчөсүндөгү батирлердин биринин бекилип калган эшигин куткаруучулар ачышкан. Анын ичинен 1939-жылы туулган Р.В. аттуу аял кишинин жансыз денеси табылган.
Маркумдун сөөгүн ИИМдин кызматкерлерине өткөрүп беришкен.