Футбол: Лионель Месси "ПСЖ" клубунун курамында алгачкы жолу 10-номер менен ойноду

Бүгүн, 1-февралга караган түнү футбол боюнча Франция Кубогунун 1/8 финалдык оюну өтүп, анда "ПСЖ" командасы "Ницца" клубуна пенальтилер сериясында утулуп калды.

Бул оюнда атактуу аргентиналык футболчу Лионель Месси "Барселона" клубундагы карьерасынын көбүндө кийип ойногон 10-номер менен оюн талаасына чыкты. "ПСЖ" клубунда бул номер менен Неймар ойнойт. Бирок ал жаракатынан улам оюнга чыккан эмес жана Франция Кубогунда оюн номерлерин өзгөртүүгө уруксат берилген.

2021-жылдын август айында Неймар Мессиге 10-номерди сунуштаганы кабарланган. Бирок Лионель Месси баш тартып, 30-номерди алган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
Dembele84
2022-02-01 11:15:35
ПСЖ нын оюну артка кетти,или Месси или Почеттино кетиш керек
0
Kara-kulzha
2022-02-01 11:35:43
Dembele84, Экөөнүтең айдаш керек.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан