Ысык-Көлдө жергиликтүү тургун Балыкчы-Каракол унаа жолунун жээгиндеги бак-дарактарды кыйды (фото)

Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районундагы Кичи-Жаргылчак айылынын тургуну Балыкчы-Каракол унаа жолунун боюндагы бак-дарактарды өз билемдик менен кыйган. Бул тууралуу Ысык-Көл облустук ички иштер башкармалыгынан билдиришти.

"30-январь күнү болжол менен саат 16:30 чамасында аталган кызматтын кайгуул экипажынын кызматкерлери Жети-Өгүз районунун Кичи-Жаргылчак айылынын 43 жаштагы тургуну Кичи-Жаргылчак жана Чоң-Жаргылчак айылдарынын ортосунан, Балыкчы-Бөкөнбаев-Каракол унаа жолунун боюнан 8 даана бак-даракты кыйып жаткандыгын аныкташкан. Текшерүү учурунда жергиликтүү тургун милиция кызматкерлерине бак-дарактарды кыюуга уруксат кагаздарын көрсөтө алган эмес", - деп билдиришти Ысык-Көл ОИИБинен.

Аталган факты Жети-Өгүз РИИБинде маалыматтардын электрондук журналына катталып, тийиштүү иш кагаздары тергөө кызматына юридикалык баа берүү үчүн өткөрүп берилди.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (4)
Jibani
2022-02-01 11:32:14
Анжеликадан эмнем кем деген го))
+3
surgeon777
2022-02-01 13:28:44
Анжелика "жакшы жоролго" баштап кетти(((
+1
Dembele84
2022-02-01 13:43:56
Бир ырчы кыз кыйдырды,мен да кыйып жатам,зачем бизге жолдогу дарактар?-деди да
+1
rahat73.
2022-02-01 22:06:31
Кыйсын мишайт этип атат мал чыга калып
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан