Токтогулдун тургуну 1,5 килограмм гашиш менен кармалды

Токтогулдун тургуну 1,5 килограмм гашиш менен кармалды. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Чүй районундагы Бишкек – Ош унаа жолундагы “Сосновка” постунда Хонда Фит унаасы текшерилген. Анда өзгөчө жыты бар, кочкул күрөң түстөгү зат табылган. Жүргүзүлгөн экспертизанын корутундусуна ылайык, бул зат 1,5 килограмм гашиш баңги заты экени аныкталган.

Баңги затын алып бара жаткан адамдын аты-жөнүн такташканда, ал 1974-жылы төрөлгөн К.К. аттуу Токтогул районунун Кызыл-Өзгөрүш айылынын тургуну экени аныкталган.

Учурда кармалган адам убактылуу кармоочу жайга киргизилип, тергөө иштери жүрүүдө.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан