Кызыл-Кыя шаарында издөөдө жүргөн эки жаран кармалды. Бул тууралуу Баткен ОИИБинин басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, 26-27-январь күндөрү Кызыл-Кыя ШИИБинин кызматкерлери тарабынан издөө иш-чарасы уюштурулуп, шаар аймагында кылмыш жасап издөөдө жүргөн жарандарды аныктоо жана катталган кылмыштардын бетин ачуу максатында милиция кызматкерлери ыкчам иш-аракеттерди өткөрүштү.
Анын алкагында “Алдамчылык” беренеси менен издөөдө жүргөн Баткен шаарынын 19 жаштагы М.З. аттуу тургуну жана “уурулук” беренеси менен издөөдө жүргөн Ноокат районунун 47 жаштагы П.Т. аттуу тургуну Бишкек шаарынан кармалып, тергөө кызматына өткөрүп берилген.
Ошондой эле издөө иш-чарасынын жүрүшүндө шаар аймагында жашаган тургундарга кылмыштуулуктун алдын алуу боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.