Дубалды сүзгөн унаадан чыга албай калган аял куткарылды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, окуя бүгүн, 1-февралда Чүй облусунун Аламүдүн районундагы Рухий-Мурас жаңы конушунда болгон. Анда 33 жаштагы С.Н. аттуу тургун короодогу жеңил унааны от алдырып жаткан учурда, жүрүп баштаган унааны башкара албай дубалды сүзүп, буту кыпчылып калган.
Жерине Бишкек шаардык куткаруу кызматынын 5 куткаруучусу тартылып, аялдын бутун чыгарып берип, “Тез жардам” кызматына өткөрүп беришкен.
Учурда жарандын абалы туруктуу.