Кыргыз өлкөсүнүн футзал боюнча кыз-келиндер курама командасы Тажикстанда өткөн эл аралык турнирде коло медаль утту. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, Эл аралык мелдеш Душанбе шаарында өткөн. Ал 21-январдан 28-январга чейин созулган. Мелдешке Иран, Өзбекстан, Тажикстан жана Кыргыз Республикасынын футзал боюнча кыз-келиндер курама командалары катышкан.
6 беттештин жыйынтыгында Кыргыз футзалчы кыздары 4 упай топтогон. Тактап айтканда, Иран менен Өзбекстандын спортчуларынан 4 оюнда тең утулуп калса, Тажикстандын командасы менен биринчи оюнда тең чыгып, экинчи беттеште жеңишке ээ болгон.