Бишкек шаарындагы Токтогул жана Кулиев көчөлөрүнүн кесилишинен унааны тоноого шектүү жаран кармалды. Бул тууралуу Ленин райондук ички иштер бөлүмүнөн билдиришти.
Билдирүүгө ылайык, 9-январь күнү А.А. аттуу жаран милицияга арыз менен кайрылган. Анда ушул эле күнү болжол менен саат 17:00 чамасында Бишкек шаарынын Токтогул жана Кулиев көчөлөрүнүн кесилишинен белгисиз жаран унаанын ичинен 641 даана май куюучу талон, банктык карталарды, техпаспорт, айдоочулук күбөлүк жана паспортун алып, белгисиз тарапка изин жашырып кеткендигин билдирген.
Аталган факты боюнча Кылмыш жаза кодексинин 205-беренеси ("уурулук") менен кылмыш иши козголгон.
"Бул кылмышка шектелип 1977-жылы туулган Ж.Б. аттуу жаран кармалып, убактылуу кармоочу жайга камакка алынган. Бишкек шаарынын Ленин райондук соту тарабынан шектүүгө карата эки айлык мөөнөткө үй камагы түрүндө бөгөт коюу чарасы тандалып алынган", - деп билдиришти Ленин РИИБинен.
Азыркы учурда шектүүнүн башка кылмыштарга тиешеси бар же жоктугун аныктоо боюнча тийиштүү тергөө иштери жана ыкчам иш-чаралары жүргүзүлүүдө.