Дыйкандардын нааразычылыгын жараткан 309-токтом. Министрдин түшүндүрмөсү

2021-жылы 17-декабрда айыл чарба кооперативдерин, үрөнчүлүк жана асыл тукум чарбаларын өнүктүрүү боюнча 309-токтом кабыл алынган. Тийиштүү чечимге Акылбек Жапаров кол койгон.

Ошол эле учурда аталган чечим айыл чарбасын, тамак-аш жана кайра иштетүү өнөр-жайын, агро өнөр-жай комплексинин экспорттук потенциалын жогорулатуу максатында кабыл алынганы айтылган.

Документке ылайык, жергиликтүү бийлик Айыл чарба министрлиги менен биргеликте төмөнкүлөрдү аткаруусу тапшырылган:

  • айыл чарба продукциясын айыл чарба кооперативдеринин, үрөнчүлүк жана асыл тукум чарбаларынын бирдиктүү массивде өндүрүүсү. Сатуусу үчүн айыл чарба жерлеринин мамлекеттик фондусунун пайдаланууга рентабелдүү жерлеринин 75 пайызын тактоо жана аныктоо боюнча тийиштүү жумушчу комиссия түзүү;
  • жүргүзүлгөн изилдөөнүн натыйжасы боюнча айыл чарба жерлеринин мамлекеттик фондусунун пайдаланууга рентабелдүү жерлеринин 75 пайызын белгиленген тартипте Айыл чарба министрлигине мөөнөтсүз (мөөнөтүн көрсөтпөстөн) пайдаланууга берүүсү.

Жергиликтүү бийлик көрсөтүлгөн иш-чаралар аяктагандан кийин айыл чарба жерлеринин мамлекеттик фондунун жерлерин белгиленген тартипте ижарага берүүсү сунушталган.

Учурда коомчулукта 309-токтом кызуу талкууга алынууда.

SUPER.KG порталынын "ЭЛДИК КАБАР" бөлүмүнө Ак-Суу районунун Жаңы-Арык айылынын тургундары 309-токтомго каршылыгын билдирип, видео кайрылуу жөнөтүшкөн.

Тургундардын пикиринде, аталган токтом карапайым калкка каршы иштейт.

Айыл чарба министри Аскарбек Жаныбеков брифингде 309-токтомдун максатына токтолду.

"2021-жылы 17-декабрда айыл чарба кооперативдерин, үрөнчүлүк жана асыл тукум чарбаларын өнүктүрүү боюнча 309-токтом кабыл алынган. Ал айыл өкмөттүн карамагындагы мамлекеттик фондунун жерлери жөнүндөгү токтом.

Ал эми 2007-жылкы токтомдун негизинде мамлекеттик фонддун жерлери айыл өкмөттүн башкаруусуна өткөн. Ал мамлекеттин жери, менчик жерлер эмес. Ошол эле учурда 2007-жылдан бери мамлекеттин жери айыл өкмөттүн карамагында болуп, дыйкандарга берилип келген.

Аталган токтом айыл чарба кооперативдерин, үйрөнчүлүктү колдоо, айыл чарбасында болуп жаткан кемчиликтерди оңдойт", - деди министр.

Ошондой эле Жаныбеков өлкө аймактарында 450 миңге чукул дыйкан чарбалары бар экендигин билдирди.

"Өлкөдө 1 миллион 268 миң гектар айдоо аянты бар. Анын ичинен 2 76 599 гектар жер мамлекеттик фонддогу жерлер. Анын ичинен статистикага ылайык, 43 миң 455 гектар жер пайдаланылбай келет. Бул жерлерди көбүнесе айыл жеринде айыл чарбасы менен алектенген дыйкан чарбалар 1 гектардан 300 гектарга чейин пайдаланып келе жатышат.

Токтомдун негизинде үрөнчүлүк чарбаларына жерин күчтөп берип, ар бир дыйканга сапаттуу үрөн өндүрүп берели деп жатабыз.

Сапаттуу үрөн сатып келүү үчүн республикалык бюджеттен 1 миллиард 5 миллион сом бөлүндү. Орусиядан талапка жооп берген сапаттуу үрөн алып келип жатабыз. Аны дыйкандарга таратуу зарыл. Жыл сайын эле эле ар кимден карыз алып, сурап жүрө беребизби...

Өлкө аймактарында 450 миңге чукул дыйкан чарбалары бар. Алардын баары дыйканчылык, мал чарбачылыгы менен алектенишет.

Ошондой эле дыйкандар 10-15 пайыз гана сапаттуу үйрөн менен камсыз болушат. Мисалы, 100 дыйкандын 15ине үрөн жетет. Калгандары эски үрөндөрдү колдонгонго туура келет. Мындан улам түшүм аз болот. Айыл чарбада сапаттуу үрөн маанилүү", - деди Жаныбеков.

Мындан тышкары министр токтомго каршы болуп жаткан жарандар кимдер экендигин ачыктады.

"Бүгүнкү күндө токтомго каршы чыккандар 100, 300 гектар жерди колдонуп, 500, 1500 сомго чейин акча төлөп өз кызыкчылыгы үчүн пайдалангандар. Алар ошол жерлерден ажырай турган болуп жатат. Ал жерлер үрөнчүлүк чарбага айланат. Сапаттуу үрөн өндүрүлгөн соң ар бир дыйканга берилет", - дейт министр.

Асыл тукум малды башка өлкөлөрдөн сатып алып келүү зарылчылыгы айтылды.

"Биздин өлкөдө уйлардын эң көп дегени 7-8 литр сүт берет. Себеби биздин уйлардын сапаты ушундай. Андан көп алууга мүмкүнчүлүк жок. Асыл тукум малды сатып алууда кыйынчылык көп. Анткени асыл тукум малды өстүргөн чарбаларды колдоо жок. Алар аталган малды багып, көбөйтө дагы алышпайт.

Мындан улам аталган чарбаларды колдоп, тургундар аймактарда асыл тукум малды сатып алганга мүмкүнчүлүк түзүлсүн деп жатабыз", - деп билдирди айыл чарба министри.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Rusbayastan
2022-02-01 19:24:23
Бизге ал акча жетпесе керек,бут эле бизнесмендер алып койсо керек.
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан