Армениянын президенти Армен Саркисян отставкага кетти

Армениянын президенти Армен Саркисян расмий түрдө отставкага кетти. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.
Өлкөнүн мыйзамдарына ылайык, президенттин ыйгарым укуктары кызматтан кетүү тууралуу арыз берилгенден жети күн өткөн соң токтотулат. Бул убакыт аралыгында мамлекет башчысы чечимди өзгөртүүгө укуктуу.
Саркисян кызматтан кетерин 23-январда маалымдаган. Ал ички жана тышкы саясатка таасир эте турган күчкө ээ эместигин билдирген.
Саркисян бир жуманын ичинде кызматтан кетүү боюнча сурамын артка чакырткан эмес. Эми анын ыйгарым укуктары расмий токтотулду. Учурда мамлекет башчынын милдетин парламенттин төрагасы Ален Симонян аткарып жатат. Депутаттардын жаңы президентти тандоого 25-35 күнү бар.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан