Украинанын президенти Володимир Зеленский армиянын санын 100 миң кишиге көбөйтүү боюнча жарлыкка кол койду. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышты.
Маалыматка ылайык, аталган жарлыкка президент сессияны ачуу үчүн келген Жогорку Радада сөз сүйлөп жатканда кол койгон. Жарлыкта Украинанын Куралдуу күчтөрүнүн саны үч жылда 100 миң адамга көбөйөрү жана 20 жаңы бригада түзүлөрү көрсөтүлгөн.
Мындан тышкары Зеленский аскерлердин айлык маянасын көтөрүп, аларды үй менен камсыз кыларын билдирген.
Украина жана Батыш өлкөлөрү жакында эле Орусиянын Украинанын чек арасына жакын жерде активдүүлүгүнө тынчсыздануусун билдиришкен. Москва бардык айыптарды четке кагып, эч кимге кол салбай турганын айтууда.