Бишкекте турак үйлөргө кирип тиричилик буюмдарын уурдоого шектүүлөр колго түшүрүлдү. Ленин РИИБинин маалымат кызматынан билдиришкендей, кармалгандар 20 күнгө камалды.
Маалыматка ылайык, милиция кызматкерлерине шаар тургуну арыз менен кайрылган. Анда 21-январда болжол менен саат 00:20 чамасында белгисиз жарандар Ак-Ордо жаңы конушундагы үйлөрдүн биринин терезесинен кирип турмуш-тиричилик техникаларын уурдап кетишкени айтылган.
Аталган факты Кылмыштардын бирдиктүү реестрине уурулук фактысы менен катталып, кылмыш иши козголду.
"Тергөө жана издөө иш-чараларынын жүрүшүндө кылмышка шектелип 1966-жылы туулган И.С. жана 1969-жылы туулган С.У. аттуу жарандар кармалды. Бишкек шаарынын Ленин райондук соту тарабынан шектүүлөр 20 күндүк мөөнөткө камакка алынды.
Учурда кармалгандардын башка кылмыштарга тиешеси бар же жоктугун аныктоо боюнча тийиштүү тергөө иштери жана ыкчам иш-чаралары жүргүзүлүүдө", - дешти мекемеден.