Токмок шаардык сотунун чечими менен 3 адамды өлтүргөн деп табылып, өмүр бою эркинен ажыратылгандардын бири Чүй облустук сотуна даттануу жасады. Бул тууралуу SUPER.KG порталына облустук соттон билдиришти.
Маалыматка ылайык, Токмок шаардык сотунун чечими менен 39 жаштагы Э.Т., 32 жаштагы Д.А. жана 31 жаштагы М.Б. аттуу жарандарды өлтүрүүгө шектелген 36 жаштагы К.Т. жана 31 жаштагы С.М. аттуу кишилер өмүрүнүн аягына чейин эркинен ажыратылган. Соттолгондордун биринин жактоочусу Чүй облустук сотуна даттануу арызы менен кайрылган. Соттук отурум 1-мартка белгиленди.
Эскерте кетсек, 2021-жылдын 19-ноябрында Токмок шаардык соту 3 адамды мыкаачылык менен өлтүрдү деп шектелган эки жаранга өкүм чыгарган.