"Apple" компаниясы жубайларга бири-биринин жүргөн жерин көрүүгө мүмкүндүк берген iRing акылдуу шакектерин чыгарууну пландаштырууда.
iRing башка Apple гаджеттери менен иштешет жана аларды сенсорлор же Siri үн жардамчысы аркылуу алыстан башкарууга мүмкүндүк берет. Чынында, гаджет Apple Watch функцияларынын көбүн өзүнө алат, бирок ага салыштырмалуу компакттуураак жана колдонууга оңой болот.