Шри-Ланкада коңуздарды чогулткан Орус жарандары соттолду. Алар 14 миң доллар айып төлөп, эркиндикке чыгышты

Шри-Ланкада коңуздарды чогултканы үчүн соттолгон орусиялык жарандар айып пулду төлөп, Москвага учуп кетишти. Бул тууралуу орус басылмалары жазып чыгышты.

Маалыматка ылайык, 2020-жылдын 26-февралында Ростов-на-Дону зоопаркынын илимий кызматкери Александр Игнатенко жана анын эки шериги Николай Килафян менен Артём Рябов Шри-Ланкадагы коруктарды коргоо боюнча полиция тарабынан Нувара провинциясында камакка алынган. Кармоо учурунда Игнатенконун чөнтөгүнөн полиция бир нече өлүк коңуздарды тапкан.

Шри-Ланканын соту коңуздарды чогулткан деп айыпталган үч Орус жаранын 14 миң доллардан ашык айыпка жыгып, эки жылга шарттуу кескен.

"Кечээ, 31-январда орусиялык жарандар айып пул төлөп, Шри-Ланкадан чыгууга соттон уруксат алып, бүгүн Москвага учуп кетишти", - деп жазылат маалыматта.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
IOA
2022-02-02 01:15:41
Ана мыйзам,бизде аркарларды атып мактанып журушот
+10
Datka7777
2022-02-02 11:53:31
Осурак конуз учун эки жыл турмо, 14 мин доллар штраф
+5
nazira...
2022-02-02 19:29:03
Ана сага закондун күчүн.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан