Европадагы биринчи өлкө коронавируска каршы бардык чектөөлөрдү алып салды

Данияда 1-февралдан тарта коронавирус инфекциясынан улам киргизилген бардык чектөөлөр алынды. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышты.

Маалыматка ылайык, өлкө бийлиги калк арасында эмдөөнүн жогорку деңгээлине таянып, рекорддук сандагы учурларга карабастан, COVID-19 боюнча бардык чектөөлөрдү алып салды.

Аталган өлкөнүн басылмалары чектөөлөрдүн жеңилдетилиши Данияда күн сайын 40-50 миңге жакын коронавирустун жаңы учурлары катталып жатканына байланыштуу болуп жатканын жазды.

Эми Данияда бет кап жана COVID-19 паспорттору милдеттүү болбой калат жана ресторандардын иштөө сааттары мындан ары чектелбейт. Түнкү клубдар дагы ачылып, адамдардын санына чектөө алып салынды.

Муну менен Дания коронавируска каршы чектөөлөрдүн бардыгын алып салган Европадагы биринчи өлкө болуп калды.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Spb
2022-02-02 14:19:27
Керемет меримче ен туура чечим
+2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан