Бишкекте 19 жаштагы кыз 5-кабаттан кулап кетти. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, окуя 2-февралга караган түнү саат 00:30 чамасында Бишкектин Исакеев көчөсүндө болгон. Анда көп кабаттуу үйдүн 5-кабатындагы батиринин балконунан 2003-жылы туулган Б.С. аттуу кыз кулап, 1-кабаттагы орнотулган чатырга түшкөн. 4 куткаруучу тартылып, кызды чатырдан түшүрүп, “Тез жардам” кызматына өткөрүп беришкен.
Абалы канааттандырарлык.